Кызыл-Жылдыз — М. Рахманбердиев атындагы орто мектеби
Кызыл-Жылдыз айылы Талас облусунун Манас районунун Уч-Коргон айыл өкөмтүнүн административдик борбору. Айылда 2009-жылдын маалыматы боюнча 2421 адам жашайт. Мектеп Маткерим Рахманбердиевдин — II дүйнөлүк согуштун ардагеринин — атына ээ.
Мектеп бүгүн
Заманбап жасалгалоо менен жабдылган бөлмөлөр:
- Компьютердик класс
- Аскерге чейинки даярдык бөлмөсү
- Кыргыз тили жана адабияты бөлмөсү
- Башталгыч класстар үчүн бөлмөлөр
- Мугалимдер бөлмөсү
- Орус тили жана адабияты бөлмөсү
- Физика, химия, география бөлмөлөрү
- Музей
- Спортзал
- Ашкана
Мектептин администрациясы
Мектеп директору: Суранбаева Чинара Табышовна
Мен, Суранбаева Чинара Табышовна, 1982-жылы 27-январда Манас районуна караштуу Покровка айылында жарык дүйнөгө келгем. 1999-жылы Бишкек шаарындагы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетине тапшырдым. Окууну артыкчылык диплому менен бүтүргөм.
Эмгек жолумду 2004-жылы Бишкек шаарындагы №51 орто мектепте тарых сабагынан мугалим болуудан баштадым. 2005–2006-окуу жылында Манас районуна караштуу Покровка айылындагы «Улукман» лицейинде эмгектендим. Эки уулдун энесимин. 2008-жылы М. Рахманбердиев атындагы орто мектебине которулуп, тарых мугалими болдум. 2010–2011-окуу жылында мектептин тарбия завучу болуп иштедим. 2019-жылдын 2-сентябрынан тартып мектептин директору болуп дайындалдым.
- Окуу бөлүм башчысы: Бекенова Нурила Барпыбековна
- Тарбия завуч: Молдосалиева Анархан Канатовна
- Соц. педагог: Сатымкулова Асел Кумушбековна
- Кесиптик бирлик уюмунун төрайымы: Курманбекова Жаркын Асановна
Биздин мугалимдер
Азыркы убакта мектепте 33 мугалим эмгектенип жатат:
- Жогорку билими бар мугалимдер — 27
- Орто билими бар мугалимдер — 3
- Бүтпөгөн жогорку билими бар мугалимдер — 3
Биздин окуучулар
- Окуучулардын жалпы саны — 501
- Жалпы 22 класс (орус жана кыргыз тилинде)
- Окуу бөлмөлөрүнүн саны — 21
- Мектептин жалпы аянты (документ боюнча) — 28 060 м²
- Жалпы курулуш аянты — 1 622,77 м²
Байланыш
Дарек: 720040, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Манас району, Уч-Коргон айыл өкөмтү, Кызыл-Жылдыз айылы, Төрөгелдиев Осмон көчөсү №12
Тел.: +996 779 536 906
Email: sshrah@mail.ru · director@kyzyl-zhyldyz.edu.kg